«Туруктуу окутуу кызмат көрсөтүүчүлөрүн өнүктүрүү» программасына катышууга ачык конкурс

Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин (SDC) колдоосу менен HELVETAS Swiss Intercooperation уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан «CHeber: Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү» долбоору Кыргызстандагы жергиликтүү окутуу кызмат көрсөтүүчүлөрү (LTP) үчүн потенциалды өнүктүрүүгө багытталган гибриддик программага катышууга ачык конкурс жарыялайт.

Программа жергиликтүү окутуу кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн потенциалын чыңдоого жана эмгек рыногунун талаптарына жооп берген, иш берүүчүлөр тарабынан талап кылынган жана суроо-талапка ээ болгон формалдуу эмес кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча кызматтарды өркүндөтүүгө багытталган.

Программанын алкагында тандалып алынган катышуучулар уюмдук потенциалын чыңдоо жана окутуу кызматтарынын сапатын, туруктуулугун жана эмгек рыногунун талаптарына шайкештигин жогорулатуу максатында улуттук жана эл аралык эксперттерден практикалык окутуу, эксперттик сунуштар, коучинг жана консультациялык колдоо алышат.

Окутуу Кыргызстанда өткөрүлүүчү офлайн форматтагы тренингдерди жана эл аралык эксперттердин онлайн консультацияларын айкалыштырат. Катышуучулар Кыргызстандагы эмгек рыногунун муктаждыктарына ылайык конкреттүү бизнес-моделдерди, окутуу кызматтарын жана аларды ишке ашыруу боюнча пландарды иштеп чыгышат.

Программанын максаттары

Программа жергиликтүү окутуу кызмат көрсөтүүчүлөрүн төмөнкү багыттар боюнча колдоого багытталган:

  • формалдуу эмес окутуу кызматтары үчүн туруктуу бизнес-моделдерди иштеп чыгуу;
  • эмгек рыногуна багытталууну күчөтүү жана иш берүүчүлөр менен кызматташууну өнүктүрүү;
  • практикага жана компетенцияларга негизделген окутуу программаларын иштеп чыгуу;
  • сапатты камсыз кылуу механизмдерин өркүндөтүү;
  • санариптик жана аралаш окутуу ыкмаларын колдонуу;
  • маркетингди жана потенциалдуу катышуучуларга жетүүнү жакшыртуу;
  • мамлекеттик жумуш менен камсыз кылуу кызматтары жана жеке сектор менен кызматташууну бекемдөө.

Форматы жана мөөнөтү

Программа Бишкек шаарында беш жумушчу күндүн ичинде офлайн форматта өткөрүлүп, эл аралык эксперттер онлайн форматта катышат.

Программанын иштөө тилдери — кыргыз, орус жана англис тилдери (синхрондук котормо камсыздалат).

Тренингдер күн сайын саат 10:00дөн 18:00гө чейин өткөрүлөт.

Программага Кыргызстандын бардык аймактарынан 20га чейин уюмдун же окутуу кызмат көрсөтүүчүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Программа эксперттик презентацияларды, практикалык семинарларды, топтук иштерди жана тажрыйба алмашуу сессияларын камтыйт. Ошондой эле катышуучуларга коучинг жана консультациялык колдоо көрсөтүлөт.

Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар эмгек рыногунун талаптарына ылайык окутуу концепцияларын, бизнес-моделдерди жана рынокко багытталган окутуу кызматтарын иштеп чыгышат.
 

Өтүнмө берүүчүлөр

Төмөнкү уюмдар жана жеке адамдар катышууга өтүнмө бере алышат:

  • жеке окутуу кызмат көрсөтүүчүлөр;
  • формалдуу эмес билим берүү кызмат көрсөтүүчүлөр;
  • кесиптик жана чоңдорду окутуу борборлору;
  • кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөткөн бейөкмөт уюмдар жана жарандык коом уюмдары;
  • бизнес-ассоциациялар жана тармактык уюмдар;
  • кыска мөөнөттүү, рынокко багытталган окутуу кызматтарын өнүктүрүүгө кызыкдар кесиптик-техникалык билим берүү мекемелери.

Ошондой эле окутуу жаатында иш алып барып жаткан же мындай ишмердүүлүктү баштоону пландаган жеке тренерлерден жана өзүнүн окутуу борборун же компаниясын түзүүгө кызыкдар адамдардан да өтүнмөлөр кабыл алынат.

Төмөнкү тармактарда иштеген талапкерлерге артыкчылык берилиши мүмкүн:

  • текстиль жана тигүү өнөр жайы;
  • курулуш;
  • маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана санариптик көндүмдөр;
  • мейманкана бизнеси жана HoReCa;
  • айыл чарбасы;
  • жашыл көндүмдөр;
  • электрондук соода жана ага байланышкан кызматтар.

Өтүнмө берүү критерийлери

Өтүнмө берүүчүлөр төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

  • Кыргызстанда расмий катталган уюм же жеке кызмат көрсөтүүчү болушу;
  • кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү же жумушчу күчүн даярдоо багытында учурдагы же пландаштырылган ишмердүүлүккө ээ болушу;
  • туруктуу жана эмгек рыногунун талаптарына жооп берген окутуу кызматтарын өнүктүрүүгө кызыкдар болушу;
  • программанын бардык этаптарына активдүү катышууга даяр болушу;
  • чечим кабыл алууга же программаны ишке ашырууга жооптуу өкүлдөрдү көрсөтүүсү;
  • программа аяктагандан кийин кызматтарды өнүктүрүүгө же пилоттук демилгелерди ишке ашырууга даярдыгын көрсөтүүсү.

Баалоонун алдын ала критерийлери

Тандоо учурунда төмөнкү аспекттер кошумча эске алынат:

  • сунушталган окутуу концепциясынын эмгек рыногунун муктаждыктарына шайкештиги;
  • иш берүүчүлөр жана/же мамлекеттик жумуш менен камсыз кылуу кызматтары менен кызматташууга даярдыгы;
  • программа аяктагандан кийинки ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү;
  • окутуу кызматтарын мындан ары өнүктүрүүгө болгон уюмдук берилгендиги;
  • инклюзивдүү жана туруктуу көндүмдөрдү өнүктүрүүгө кошкон салымы.

Кошумча шарттар

Тандоо комиссиясы төмөнкү жагдайларды дагы эске алат:

  • Кыргызстандын аймактары боюнча тең салмактуу географиялык өкүлчүлүк;
  • аялуу топтор менен иштеген уюмдардын катышуусу;
  • тажрыйбалуу жана жаңыдан иш баштаган окутуу кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн тең салмактуу катышуусу;
  • формалдуу эмес окутуу тармагындагы инновациялык демилгелерге кошкон салымы.

Чыгымдарды каржылоо

Окутуу программасын уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан чыгымдар (тренерлердин кызмат акысы, окуу жайларын ижарага алуу, окуу материалдары, кофе-брейктер жана тамактануу чыгымдары) долбоор тарабынан каржыланат.

Бишкек шаарынан тышкары келген жана жатаканага муктаж катышуучулардын жашоо чыгымдары дагы долбоор тарабынан жабылат.

Катышуучулар Бишкек шаарына келип-кетүү жол чыгымдарын өздөрү көтөрүшөт.

Бирок аялуу топторду өкүлдөгөн же каржылык мүмкүнчүлүгү чектелген уюмдардын өкүлдөрү үчүн жол чыгымдарын жабуу мүмкүнчүлүгү каралышы мүмкүн.
 

Өтүнмө топтому

Кызыкдар талапкерлер анкета толтуруп, талап кылынган документтерди төмөнкү шилтеме аркылуу жүктөшү керек: Анкета заявителя «Развитие устойчивых поставщиков обучения» Гибридная программа развития потенциала местных провайдеров обучения в Кыргызстане_RU_KYR - Google Формы

Иш-чара Болжолдуу дата
Ачык сынактын жарыяланышы 2026-жылдын 2-июну
Өтүнмөлөрдү кабыл алуунун акыркы мөөнөтү 2026-жылдын 19-июну, саат 18:00 (Бишкек убактысы боюнча)
Өтүнмөлөрдү баалоо 2026-жылдын 26-июну
Тандалып алынган катышуучуларга маалымат берүү 2026-жылдын 30-июну
Окутуу программасы 2026-жылдын 6–10-июлу